Ссылки доступа

Казакстанда жергиликтүү шайлоолорго 10 миңден ашык талапкер катталды


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча бардык маслеттердеги депутаттык орундарга 10 825 талапкер катталгандыгын билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча, бир депутаттык орунга орточо эсеп менен 3 адам туура келет. Катталган талапкерлердин 1592си облустук, 121и Астана шаардык, 130у Алмата калаасынын маслеттерине ат салышууда. Ал эми 6 862 талапкер райондук депутаттык орундар, 2 120 адам шаардык кеңеш депутаттыгына талапкер катары катталышты. Алардын 3 407си саясий партиялардан, 17си коомдук бирикмелерден, 7 401и өзүн-өзү көрсөткөндөр. Бүгүндөн тарта катталган бардык талапкерлер үгүт иштерине киришет.

XS
SM
MD
LG