Ссылки доступа

 Вильнюстун көчөлөрүнүн бирине Немцовдун ысымы ыйгарылат


Вильнюс шаардык кеңеши орусиялык оппозиячыл саясатчы Борис Немцовдун ысымын башкалаадагы көчөлөрдүн бирине же гүл бакка ыйгаруу чечимин бир добуштан колдоду.

Шаардык кеңеш кабыл алган билдирүүдө демократиялык Орусия үчүн күрөшкөн адамдын ысымын түбөлүк эсте тутуу аракети көрүлүп жатканы айтылат. Ошондой эле муну менен расмий Вильнюс ачыктыкты, эркиндикти, демократияны жактай турганы белгиленген. Немцовдун ысымын көчөлөргө ыйгарууну Киев менен Варшава да көздөп жатат.

Москванын бийлиги болсо Кремлдин жанындагы Борис Немцов өлтүрүлгөн жерге эстелик тактайын орнотууга уруксат берген жок. Ал жактагы элдик мемориалды шаардык кызматтардын өкүлдөрү тазалап турса, полиция аны кайтарган активисттерди кармап кетет. Быйыл эле мындай төрт окуя катталды. 12-февралда «Улуттук боштондук кыймылынын» мүчөлөрү Нижний Новгороддогу Немцовго арналган айкелди талкалаган болчу.

Оппозициялык саясатчыны өткөн жылдын 28-февралына караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен. Кандуу окуянын жылдыгында Орусиянын Москва жана башка шаарларында оппозиция маркумдун элесине арналган акцияларды уюштурат.

XS
SM
MD
LG