Ссылки доступа

Кыргызстанда футбол күйөрмандары арасында сынак жарыяланды


Кыргызстандын Футбол федерациясы өлкөнүн курама командасын колдоо максатында күйөрмандар арасында видео сынак жарыялады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыкты тартылган 10 видеодон бир ролик даярдалып, телеканалдар, интернет, сайттар жана федерациянын расмий баракчаларында жайгаштырылып, элге таратылат.

Катышуучулар футбол тууралуу кыргыз, орус жана англис тилдериндеги 1 мүнөттүк сапаттуу видеолорду жибериши керек. Видео сынак бүткүчө жана жыйынтыктары чыкмайынча эч жерде жарыяланбоого тийиш. Сынак 21-мартка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG