Ссылки доступа

Тажикстан Эл аралык валюта фондунан 500 миллион доллар насыя алууну көздөйт


Улуттук банк төрагасынын биринчи орун басары Жамолиддин Нуралиев Тажикстан Эл аралык валюта фонду менен 500 миллион доллар насыя алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Financial Times басылмасына берген маегинде ал тажик өкмөтү Эл аралык фондго расмий өтүнүч жиберүү тууралуу бир пикирге келе электигин маалымдады.

Нуралиевдин айтуусунда, бийлик башка эл аралык каржы институттарга кайрылууну да максат кылууда. Декабрда Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга 60 миллион доллар насыя берүүнү жактырган. Азыркы учурда Дүйнөлүк банктан 30 миллион жана Евразия өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар алуу тууралуу маселе каралып жатат.

Financial Times Эл аралык валюта фонду Тажикстанга бир нече шарт кое турганын жазып чыкты. Алардын катарында валюта саясатын катуу көзөмөлдөөдөн баш тартуу, мамлекеттик компаниялардын жана банктык секторду реформалоо талаптары бар. Ошону менен бирге Эл аралык фонд 500 миллион долларга жетпеген каражат берүү ниетинде экенин кабарлады.

Тажикстандын экономикасы Орусиядагы оор кырдаал жана эмгек мигранттардын акча которууларынын азайганына байланыштуу чоң жоготууларга кабылды.

Сомонинин куну долларга карата акыркы жылда 31 пайызга түшүп кетти. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, өлкөдө калктын кирешелери 2015-жылы 10 пайызга кыскарган.

XS
SM
MD
LG