Ссылки доступа

Ошто эл аралык «Жибек Жолу» фестивалы өтүүдө


Бүгүн Ош шаарында жыл сайын өтүүчү Эл аралык «Агро Экспо «Жибек Жолу 2016» айыл чарба жарманкеси ачылды.

Жарманке Ош улуттук драма театрынын имаратында өтүүдө. Иш-чаранын алкагында заманбап айыл чарба шаймандары жана алдыңкы тажрыйбалар боюнча семинарлар, ошондой эле «Агро Горизонт» долбоорунун сессиясы жүрүп жатат.

Уюштуруучулар жарманкени Борбор Азиядагы айыл чарба тармагындагы ири окуялардын бири деп белгилешүүдө. Ага өндүрүшчүлөр, ишкерлер, айыл чарбасына зарыл болгон шаймандарды ташуучулар катышышууда. Былтыр ушул иш-чарага 3000ден ашуун адам тартылып, анын жыйынтыгында фермалар менен агрардык ишканалардын ортосунда 6,9 миллиондон ашык сомдук келишимдер тузулгөн. Жарманке USAIDдин колдоосу менен «Жер Азыгы» ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келет.

XS
SM
MD
LG