Ссылки доступа

Медакадемиянын аппарат жетекчиси пара менен кармалып көз жумду


Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын аппарат жетекчиси окуу жайдын аймагында турган күркөнүн ээсинен пара алып жатканда кармалып, ошол жерден жүрөгү кармап көз жумду.

Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, 23-февралда Е.С. аттуу жаран Медакадемиянын аппарат жетекчиси окуу жайдын аймагынын бир бөлүгүн ижарага бергени үчүн 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, Коррупцияга каршы кызматка кайрылган. Буга байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

"25-февралда оперативдик иштердин жүрүшүндө Абдикарим Гапаров иш бөлмөсүндө 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Тинтүү маалында ал өзүн начар сезип, эс-учун жоготуп кулаган. Ага тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан көп өтпөй көз жумду" деп айтылат маалыматта.

XS
SM
MD
LG