Ссылки доступа

Казакстанда Сирияга кетүүгө аракеттенген топ кармалды


Актөбө шаарында кармалган он бир жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышууну көздөгөн деп шектелүүдө.

Актөбө облустук прокуратурасынын маалыматында бул топ 19-февралда колго түшкөнү, алардын баары Сирияга барып, ал жактагы согуштук аракеттерге катышууга аракеттенгени айтылат. Азыр иликтөө уланууда.

Казак бийлигинин билдирүүсүндө, Ирак менен Сириянын экстремисттер көзөмөлдөгөн аймактарына чыгып кеткен жарандардын саны 400гө жакын. Ал эми АКШнын Террорчулукка каршы күрөшүү борбору өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун жана аны жактаган уюмдардын катарына тартылган казакстандыктардын саны миңге жетерин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG