Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык журналистти кара жумушка чегерүү суралды


Казакстанда мамлекеттик айыптоочулар оппозициялык Nakanune.kz сайтынын журналисти, баңгизаттарын сактады деп айыпталган Юлия Козлованы 180 саатка коомдук иштерге чегерүүнү суранышты.

Журналистке байланышкан сот жараянында тараптар жарыш сөзгө өтүштү. Ишти Алматанын Боштондук райондук соту карап жатат.

Прокуратура Юлия Козлованын күнөөсү далилденгенин айтууда. Ал эми анын актоочусу Айман Умарова журналисттин бейкүнөө экенин билдирип, актоону өтүндү. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин бул иште айыбы бар болушу мүмкүндүгү тууралуу материалдарды сотко жиберүү керектигин жарыялады. Адвокаттын баамында, Козлованын үйүнө баңгизаты атайлап ташталган болушу ыктымал. Тергөөдө да бурмалоолорго жол берилген. Юлия Козлова актоочусунун айткандарын колдой турганын белгиледи.

Бул иш боюнча сот өкүмү 29-февралда жарыялана турганы күтүлүүдө.

Укук коргоо органдары билдиргендей, баңгизаттары былтыр 18-декабрда Nakanune.kz сайтында Казкоммерцбанк тууралуу буюртма менен жалган маалымат жарыяланган деген кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Козлованын батирин тинтүү учурунда табылган. Аталган оппозициялык сайттын башкы редактору Гүзел Байдалинова да декабрдан бери камакта отурат.

XS
SM
MD
LG