Ссылки доступа

Сириядагы тынчтык келишими бүгүн түнү күчүнө кирет


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШ менен Орусиянын Сириядагы согушту токтотуу тууралуу биргелешкен резолюция долбооруна добуш берет.

Документте эки жаат болуп урушуп жаткан тараптар 27-февралга оогон түнү согуштук аракеттерди токтотууга тийиштиги камтылган. Долбоордо Сириянын куралдуу күчтөрү менен оппозициянын кошуундары тынчтык тууралуу макулдашууну колдогону да жазылган.

Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сепгей Лавров менен Сирияда тынчтык орнотуу тууралуу алдын ала макулдашууга жетишилгенин билдирген. Керри Сириядагы ок атууларды токтотуу жараянын создуктурбоо керектигин, узакка уланып кете турган болсо аталган өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталбай калышы ыктымалдыгын жарыялаган.

12-февралда Лавров менен Керринин Мюнхендеги сүйлөшүүлөрүндө Сириядагы кан төгүүлөрдү жөнгө боюнча келишимге кол коюлуп, ал 19-февралдан кечикпей күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок, бир катар пикир келишпестиктерге байланыштуу макулдашуу аткарылган эмес.

XS
SM
MD
LG