Ссылки доступа

ИМ тобу Фейсбук менен Твиттердин жетекчилигин коркутту


Компьютердик хакерлердин “Ислам мамлекети” тобу менен байланышы бар уюшмасы (Sons Caliphate Army) Facebook жанаTwitter социалдык түйүндөрүнүн жетекчилигине багышталган коркутуу менен чыкты.

Коркутуу сөздөрү 25 мүнөттүк, пропагандалык видеодо айтылып, анда Facebook жанаTwitter компанияларынын жетекчилери Марк Цукерберг менен Жек Дорсинин жана октун сүрөттөрү да коюлган. Бул тууралуу интернеттеги экстремисттик мазмунга мониторинг жүргүзгөн SITE уюму кабарлады.

Хакер-экстремисттер өз видеоролигинде алардын аталган социалдык түйүндөрдөгү баракчалары (аккаунттары) жабылып жатканына нааразылык билдирип, "эгер бир баракчаны жабышса, ордуна онду ачабыз" деп белгилешкен.

Хакерлердин ырастоосунда, алар Facebook түйүнүнөн жеке баракчалардын он миңден ашуунун, жүз элүүдөй тайпалык баракчаны, Twitter түйүнүнөн беш миңдей адамдын дарегин бузуп кире алышты.

Бул башка бирөөлөрдүн даректери менен баракчаларын халифатчылардын жактоочулары колдоно алуусу үчүн жасалууда.

Эксперттер Сирия, Ирак, Ливиядагы "Ислам мамлекети" террордук тобу четтен өз катарына жаштарды азгырууда ушул социалдык түйүндөрдү жигердүү колдонорун эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG