Ссылки доступа

Тажикстанда мурдагы полковниктин жубайы ИМге кошулуп кеткени айтылууда


Тажикстан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы өкүлү, Бажы кызматынын экс-басма сөз катчысы Хумайро Мирова 4 баласы менен Сирияга кетип, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко кошулганы кабарланууда.

Анын качкын полковник Гулмурод Халимовдун экинчи аялы экени тууралуу каңшаарлар айтылып жүрөт.

Хумайро Мирова капитан наамына ээ. Ал Гулмурод Халимов ИМдин катарына тартылгандан кийин деле Бажы кызматында иштеп жүргөн. Кесиптештери укук коргоо органдары ага эч кандай суроолор менен кайрылбаганын айтышты.

Бажы кызматы маалымдагандай, Хумайро Мирова 8 ай мурун декреттик өргүүгө чыгып, ошондон бери дайынсыз болууда.

Бийлик анын ИМге качан кошулганы тууралуу так маалымат жок болгону менен Сирияга кеткени аныкталганын билдирди. Андыктан, Мирова балдары менен күйөөсүнө кеткен деп божомолдонууда.

Хумайро Мирова ИИМдин маалымат кызматына 2008-жылы жумушка кирген. Ошол кезде милициянын атайын бөлүгүндө иштеген Гулмурод Халимов менен таанышып, экөө баш кошкон.

Гулмурод Халимовдун Сирияга Түркия аркылуу жакын санаалаштары менен биргеликте чыгып кеткенин Тажикстандын улуттук коопсуздук комитети былтыр июнда кабарлаган болчу. Натыйжада Башкы прокуратура кылмыш ишин ачып, Халимовго Интерпол аркылуу эл аралык издөө салынган. Мурдагы полковник тажик, орус, англис тилдерин билет. Орусия менен АКШда террорчуларга каршы окуудан да өтүп келген.

Былтыр интернет аркылуу видеокайрылуу жасап, анда өзүнүн ИМге кошулганын ырастаган. Тажикстанга “жихад” менен кайтып келерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG