Өзбек бийлиги билдиргендей, Ахмаджан Усманов кызмат абалынан кыянат пайдаланган, тууган, жек-жааттарын майлуу кызматтарга дайындаган жана пара алган деп күнөөлөнүүдө.
Мурдагы аткаминерге карата февралдын ортосунда иш ачылган. Ал өткөн аптада кармалып, азыр Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында сурак берүүдө.
Ахмаджон Усманов 4-февралда Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында ээлеген кызматынан алынган. Ага чейин президент Ислам Каримов анын дарегине бир топ сындарды айткан болчу. Усманов Анжиян окуяларынан кийин 2006-2013-жылдары бул аймакты жетектеп турган. Катаал мамилеси үчүн жергиликтүү тургундар арасында «Гитлер» атка конгон. Анын башкаруусу учурунда камакка алуулар күчөгөнү айтылып келет. Анжияндан кийин Ташкен акимчилигин башкара баштаган эле.