Ссылки доступа

Рахмондун бутуна төшөлгөн кездеме активист аялдарга таратылууда


Тажикстандын Гисар райондук аялдар менен иштөө бөлүмү президент Эмомали Рахмон келгенде салынган 200 метрлик баркыт кездемени бөлүшүп ала турган активист аялдардын тизмесин түздү.

“Баяндос” деп аталган кездеме Рахмон Гисар районуна барганда алдына төшөлгөн. Райондогу Алмоси айылынын тургуну Бибисайрамой Кароматуллоевага кездеменин ич жагынан аз гана бөлүгү тийген. Аны ал баласынын үлпөт тоюна ырым катары сактап койгонун, дагы бир бөлүгүн коңшусу тынбай сураганына байланыштуу берип салганын айтууда.

Ал эми жергиликтүү бийлик Бибисайрамойго баркыттан жасалган жана ыйык эсептелген кездеменин негизги бөлүгүнөн дагы бир кесим берүүнү убада кылышкан.

Буга чейин президент районго келгенде анын бутуна килем төшөлүп келген. Бул ирет Рахмон ажыга барып келгенине байланыштуу, атайын кызыл баркыттан кездеме даярдалган. Президент аны райондогу активист аялдарга таратып берүүнү тапшырган.

Тажикстанда салт боюнча мындай кездеме сыйлуу конок, үлпөт-той, аскерден кайткан балдар жана ажылык зыярат кылып келген адамдарга төшөлөт. Салтанаттын “күнөөкөрү” кездемеден өткөн соң аны чогулгандар бөлүп алышат.

XS
SM
MD
LG