Ссылки доступа

Казакстанда селге каршы чаралар көрүлүүдө


Казакстандын Караганда облусундагы былтыр катуу сел жүргөн Бухар-Жырау районунун бийлиги өзгөчө кырдаалга алдын ала даярданууда.

Азыр эл арасында кырсыкка даярдык тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Былтыр суу каптоолордон бул райондо жүздөгөн үйлөр кыйрап, дагы бир тобуна зыян келтирилген. Табийгат кырсыгы адам өлүмү менен коштолгон.

Көптөгөн жарандар бул ирет сел жүрсө, жаңы курулган үйлөр көп жапа чекпейт деген үмүттөрүн билдиришти. Анткени мурда аймакта самандан салынган тамдар көп болсо, азыркы тапта алардын пайдубалдары бийик курулуп, дубалдар да бекем орнотулган.

Расмий маалыматка ылайык, Караганда облусунда эң кооптуу кырдаал Бухар-Жырау, Осакаров, Абай, Нура, Чет жана Каркыралуу аймактарында түзүлүшү мүмкүн. Анткени кардын эришинен улам дарыялардагы суу 15 сантиметрге чейин көтөрүлөт. 15 миңден ашуун адам жашаган 63 айылды суу капташы ыктымал.

XS
SM
MD
LG