Ссылки доступа

Сирия оппозициясы Орусия элдешүү келишимин бузганын айтууда


Сириянын оппозициясы Орусия ок атууларды токтотуу тууралуу келишимди 15 жолу бузганына карабай, элдешүүнүн жоболорун сактай турганын жарыялады.

Жогорку сүйлөшүүлөр кеңешинин басма сөз катчысы Салим аль-Муслат билдиргендей, оппозиция Орусиянын үстүнөн Бириккен улуттар уюму менен макулдашууларга катышкан мамлекеттерге кайрылууну көздөп жатат. Буга чейин Алеппо провинциясындагы топтордун бир канча турумдарына абадан сокку урулган. Андан бир күн мурда Сирияда ок атышууну эки жума токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген. Бул аймактагы козголоңчулар сокку Орусия авиациясы тарабынан болгонун билдиришүүдө.

Ал эми жекшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы тынчтык жараяны негизинен сакталып жатканын, бирок бир күн аралыгында тогуз жолу анын шарты бузулганын кабарлаган.

Орусиянын салгылашып жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысы Сергей Кураленконун маалымдоосунда, Латакия провинциясынын Кабана айылындагы ок атууларга Түркия жактан келген 100гө чукул согушкерлердин чабуулу түрткү болгон. Алар башка радикал-исламчылар менен бирге Ракканын түндүгүндө жайгашкан Эт-Телль Эль-Абъяд шаарынын бир бөлүгүн басып алышкан. Орус тарап согушкерлер Түркия тараптан артиллериялык ок атуулар менен колдоо алганын, бирок жекшемби эртең менен күрддөрдүн ыктыярдуу кошуундарды аларды шаардан сүрүп чыгарганын айтууда.

XS
SM
MD
LG