Ссылки доступа

“Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамдан баш тартуу сунушталды


Мындай сунушун бүгүн Бишкекте өтүп жаткан коомдук талкууда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Ал 20 жыл бою бейөкмөт уюмдар адам укуктарын сактоо, коргоо, социалдык маселелер боюнча мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин, мыйзамды кабыл алуу менен өлкөнүн бул багыттагы бардык жетишкендиктери жокко чыгып калышы ыктымал экендигин билдирди. Шыкмаматов улуттук коопсуздукту сактоо үчүн жарандык сектор менен бирге көзөмөлдүн башка жолдорун, ыкмаларын иштеп чыгуу сунушун кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамдын долбоору тууралуу коомдук талкуу өткөрүүдө. Ага депутаттар, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG