Ссылки доступа

АКШда өлтүрүлгөн өспүрүмдөр казакстандык экени аныкталды


Өткөн жумада АКШда киши колдуу болгон эки өспүрүм Казакстандан асырап алынган балдар экенин Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка караганда, 16 жана 18 жаштагы балдарды АКШнын жарандары асырап алганы менен, өлкөнүн элчилигинин консулдук каттоосуна алынган эмес.

Балдар Вашингтон штатынын Белфейр шаарчасында 26-февралда өлтүрүлгөн. Жергиликтүү полиция кабарлагандай, 51 жаштагы Дэвид Уэйн Кэмпбелл бүт үй-бүлөсүн атып, андан соң өз жанын кыйган. Кандуу окуяда каза тапкандардын арасында эки өспүрүм жана аларды асырап алган энеси, Кэмпбеллдин жубайы 49 жаштагы Лана Карлсон бар. Дагы бир бакма кыз жараат алып, ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG