Ссылки доступа

Токтогулда Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршы чыккандар бийликке талап коюшту


Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип чогулгандан кийин 5-мартка чейин өкмөткө убакыт беришти.

Алар кен чыккан жерде уран бар деген маалыматка байланыштуу алтын казууга нааразы болушууда.

Айыл тургуну Токтобүбү Бобоеванын айтуусунда, Узун-Акмат кенинин жанында 1950-жылдары кен казуу иштери жүргүзүлүп, бирок уран заты табылган соң жабылып калган. Ошол себептүү ал жердин зыяндуулугу тиет деп каздырууга макул болбой жатышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов нааразы тараптардын артында кимдир бирөөлөр турарын билдирип, жергиликтүү бийлик кенди иштетүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун аймагында кен казууга 39 фирма лицензия алса, учурда алардын тогузу гана туруктуу иштеп келет. Компанияларда миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон. 2015-жылы облус аймагында 22 нааразылык акциялары уюштурулса, алардын көпчүлүгү кендер менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG