Ссылки доступа

Москвада баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн аял күнөөсүн моюнга алды


Полиция аялды кечээ Орусия борборунун “Октябрьское поле” метросунан токтоткон.

Кармалган аял өзбекстандык Гулчехра Бобокулова болуп чыкты. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сурак учурунда күнөөсүн моюнга алды.

Кара кийимчен жана мусулман жоолукчан аял алгач колунда жардыргыч зат бар экенин айтып жүргөнү менен полиция кармаганда андан эч нерсе табылган эмес. Тартип сакчыларына баланын кесилген башын көргөзүп, “Аллах акбар” дегендей сөздү угуза айткан.

Москва полициясынын маалыматына караганда, Бобокулова аны бала багуучу катары жалдаган орусиялык үй-бүлөнүн төрт жаштагы кызынын башын көтөрүп бараткан. Башы жок баланын денесин ага чейин өрт өчүргүчтөр Москвада өрт чыккан үйдөн табышкан эле. Полиция кармаган аял социалдык түйүндөрдө тараган видео тасмада террорчу экенин айткан. Укук коргоо органдарына өлтүрүлгөн 4 жашар кыздын ата-энеси Гулчехра Бобокулованын терс мүнөздөрү байкалбаганын, бирок бир нече убакыт мурда күйөөсү менен мамилеси начар экенин айтып бергенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG