Ссылки доступа

Ташкенде “Алай” базарындагы күркөлөр талкаланууда


Борбор калаанын так ортосунда жайгашкан базардын мөмө-жемиш күркөлөрү 29-февралдан тарта бузула баштады.

Кеңеш доорунан “мураска” калган эски объектилердин ордуна жаңыларын түптөө максатталууда. “Алай” базары толугу менен кайра салынат, ал эми “Мирабаддын” сырт-келбети оңдолот. Реконструкция үчүн 15 миллиард сум бөлүндү. Бул азыркы курсу менен алганда 2.5 миллион доллар. Ремонт иштери көз карандысыздыктын 25 жылдыгын майрамдоого чейин аягына чыгышы керек. Буга чейин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары 2016-жылдын соңуна чейин Ташкендин Күйлүк аймагында ири азык-түлүк базары салынаарын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG