Ссылки доступа

Тажик студенттерине экстремисттер менен байланышууга тыюу салынды


Ислам университетинин жетекчилиги интернетте экстремисттик топтор менен алакага түзүү өтө кооптуу экендигин студенттерге эскертти.

Мындай билдирүү 29-февраль күнү «Facebook» социалдык түйүнүндө жарыяланды.

«Айрым студенттер чөнтөк телефондору аркылуу экстремисттик топтордун, анын ичинен Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын видероликтерин көрүшөөрү бизге маалым. Бул мыйзамга каршы. Экстремисттик уюмдарга жакындаган студенттер окуудан чыгарылат жана аларга кылмыш иши козголот», - деп жазылган анда.

Ислам университетинин проректору Комилжон Саидолимов «Азаттыктын» тажик кызматына экстремисттик топтор менен байланыш түзгөн студенттер коомго коркунуч жаратат, деген ою менен бөлүштү. Анын баамында, ыйман жолундагы жаштардын туура эмес нукка бет алышына жана өлкөнү жаңы трагедия капташына жол бербөө аракети көрүлүп жатат.

Өткөн жумада өлкөдө 14 адам социалдык түйүндөрдө өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ жарыялаган видероликти жактырганы үчүн кармалган.

XS
SM
MD
LG