Ссылки доступа

НАТО Орусиянын Сириядагы аскердик операцияларынын күчөшүнө кабатыр 


НАТО Сирияда элдешүү келишими негизинен сакталып, бирок Орусиянын аскердик аракеттери күчөп жатканына тынчсыздануу билдирди.

Дүйшөмбүдө Кувейтте сөз сүйлөгөн учурдаНАТОнун Баш катчысыЙенс Столтенберг Орусиякургакта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш тарабында аскерлерин көбөйтүп,Сириянын бир катар райондоруна абадан сокку урууну улантып жатканын билдирди.


Сирия оппозициясы болсо 27-февралдан тарта күчүнө кирген элдешүү келишими башталбай туруп бузулуп жатканын жар салды."Аль-Арабия аль-Хадат" телеканалына берген маегинде оппозициялык Жогорку сүйлөшүүлөр комитетинин өкүлүАсаад аз-ЗубиДамаск козголоңчуларга каршы согуштук аракеттерди токтото электигин айтты.


Франция келишимдин эрежелери көпирет бузулганына байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Эл аралык Сирияны колдоо тобуна жыйынга чогулуп, маселени талкуулоону сунуштады.
Орусия болсо кыйынчылыктарга карабастан, элдешүүнүн жоболору сакталып жатканын маалымдады.

Орус президентинин басма сөз катчысыДмитрий Песков Сириядагы ок атууларды токтотуу келишиминин бузулганы боюнча Москванын дарегине абайлап сын айтууга чет элдик өнөктөштөрүн чакырды.

XS
SM
MD
LG