Ссылки доступа

«Горбачев турмушта» аттуу китеп жарык көрдү


Москвада 29-февралда Советтер Союзунун мурдагы президенти Михаил Горбачевдин «Горбачев турмушта» аттуу жаңы китебинин бет ачар аземи болду.

Иш-чара 2-мартта белгилене турган Горбачевдун 85 жылдык мааракесин утурлай уюштурулду.

Саамалыкта сөз сүйлөгөн учурда Горбачев китеп орусиялыктарга азыркы тарыхты түшүнүүгө жардам берет деген ишеничин билдирди.

Горбачев өлкөнү 1985-жылдан тарта башкарып, ачыктык жана кайра куруу саясатын жүргүзүп, анын аракетинен кийин реформа жасалган. Мындай саясаттын натыйжасы Борбордук жана Чыгыш Европадагы социалисттик системанын кулашына, 1991-жылы Советтер Союзунун ыдырашына алып келген.

Китепти Владимир Поляков менен Карен Карагезьян түзгөн. Алардын айтуусунда, бул эмгек Горбачевдун жашоосу, өмүр таржымалы жана ишмердиги тууралуу маалыматтар камтылган буга чейинки китептерди кайталабайт. Мурдагы лидердин жашоосундагы кээ бир маанилүү окуялар орун алып, Горбачевдун замандаштарынын эскерүүлөрү жана пикирлери жазылган.

XS
SM
MD
LG