Ссылки доступа

Кыргызстанда “Маданият-Тарых-Тил” телеканалы ачылды


Телеканал 1-марттан тарта социалдык пакеттин тутамында, санариптик негизде обого чыга баштайт.

Бул туурасында КТРКнын сайтында жарыяланды. Ал буга чейин түптөлгөн “Маданият” каналынын алкагында түзүлдү. “Маданият-Тарых-Тилдин” концепциясы коомчулукту маданий-эстетикалык жаткан азыктандырууга, тарых жана кыргыз тилин үйрөтүү менен жаңы муундун маданиятын калыптандырууга багытталат.

Телеканал жаңы санариптик техникалар, студиялык жабдуулар менен камсыздалган. КТРКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, ачылыш азем бүгүн премьер-министр Темир Сариев жана маданият, маалымат, туризм министри Алтынбек Максүтовдун катышуусунда өтөт.

XS
SM
MD
LG