Ссылки доступа

БУУ Сирияда миңдеген адамдар ачарчылыктан каза болушу ыктымалдыгын эскертти


Сирияда курчоодо калган шаарларда миңдеген адам ачкачылыктан каза табышы мүмкүн.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Зейд Раад Аль-Хусейн билдирди. Дүйшөмбү күнү Женевада БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги сессиясы ачылды. Зейд Раад Аль-Хусейн анда сөз сүйлөп жатып, Сириядагы курчоодо калган шаарларда 480 миңге чукул жашоочу айласы кеткен абалда калганын айтты.

Ошондой эле согуштук аракеттердин жүрүшүндө элди билип туруп ачарчылыкка кептөөгө тыюу салына турганын эскертти.

Гуманитардык уюмдардын маалыматында Мадайя шаарында ачарчылыктан ондогон адамдар көз жумду.

Бүгүн, 1-мартта ок атууларды токтотуу тууралуу келишим күчүнө киргенден кийин курчоодо турган Маадами шаарына гуманитардык жүк жеткирилди. Кызыл чырым уюмунун билдирүүсүндө, жууркан жана тазалык каражаттары жүктөлгөн 10 унаа Дамасктын түштүк-батышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн Маадами шаарына кирди.

Бириккен улуттар уюму Сириядагы тынчтык келишиминен пайдаланып, жакынкы беш күн аралыгында 154 миң кишиге жардам жеткирүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG