Ссылки доступа

Тажик акыны Назарбаевди мактаган ырлары үчүн белек алды


Тажикстанда 62 жаштагы акын Саиджалол Каримзодага казак президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан белектер берилди.

Ал бир катар чыгармаларын Назарбаевге арнаган. Мындай ырларына Назарбаев кош көңүл карабай, ага улуттук чапан, калпак, казак герби жана миң сомониге жакын акча жолдогон. Башка мамлекеттин башчысынан сыйлык алуу тажик акындарынын арасында биринчи жолу болуп отурат.

Саиджалол Каримзода Фархор районундагы Доманакух кыштагында жашайт. Назарбаевге арналган ырларын былтыр жазып, казак президентинин почтасына жиберген.

“Чыгармаларым үчүн эч кандай белек күткөн эмесмин. Мен Назарбаевди адилеттүү падыша катары сыйлап, ыр чыгаргам”, - дейт акын.

Саиджалол Каримзоданын казак лидери тууралуу ырлары жөнөкөй, элдик фольклорго жакын. Казакстан президентинин акимчилиги Тажикстандагы элчилик аркылуу акынга белектерди тапшырды.

XS
SM
MD
LG