Ссылки доступа

Москвада полиция улутчулдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Москвада наристе өлтүрүлгөндөн кийин полиция кызматкерлери улутчул кыймылдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Муну менен ксенофобиялык маанайдын күч алышына жол бербөө аракети көрүлүүдө.

Алдын алуу иштери эки күн мурун кара кийинген аял "Октябрь талаасы" метросунан кармалганы кабарлангандан кийин башталды. Ал "Аллаху акбар" деп кыйкырып, өзүн жардыра турганын айтып коркуткан. Бул аялдын Өзбекстандын Самарканд облусунун тургуну, өлтүрүлгөн кызды багып жүргөн Гүлчехра Бобокулова экени аныкталды.

Орусиянын мамлекеттик каналдарынын көпчүлүгү кандуу окуя тууралуу маалымат таратышкан жок. РБК булагы улутчулдук күчөп кетет деген кооптонууларга байланыштуу аларга Бобокулованын кылмышы тууралуу кабарды ободон кетирбөө көрсөтмөсү келгенин маалымдады. Кремль жогоркудай буйрук берилгенин ырастабаганы менен, мындай чечимди колдоду.

2010-жылдын декабрында футбол күйөрманы Егор Свиридов киши колдуу болгондон кийин миңдеген адамдар Москванын борборундагы Манеж аянтына топтолуп, митинг уюштурган. Ага чыккан күйөрмандар менен радикал улутчулдардын саны ар кайсы маалыматтар боюнча 5 миңден 10 миңге чейин жеткен. Аянтта Түндүк Кавказдан келгендер жана башка өңү буруу адамдар сабалган. Жаалданган топ милицияга баш ийбей, тополоң башталып, 29 адам ар түрдүү жараат менен ооруканага түшкөн.

XS
SM
MD
LG