Ссылки доступа

Өзбекстанда акимдерге автономдуу орун басарлар дайындалат


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов облус акимдерине өз алдынча иштеген автономдуу орун басарларды дайындоону сунуштады.

“Мамлекеттик башкаруудагы аймактык органдардын түзүмүн жакшыртуу” боюнча 24-февралда кол коюлган жарлык дубан башчыларынын жер-жерлердеги чексиз үстөмдүгүн азайтууга багытталган.

Ага ылайык, акимчиликтердин түзүмү кайра баштан каралып, орун басарлык кызмат пайда болду. Орун басар жана анын катчылыгы өз алдынча иштейт. Президент жарлыгынын талаптарына ылайык, аткаминер жана анын беш кызматкери айыл жана суу чарба маселелери менен алектенип, Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, Башкы прокуратура, салык жана бажы комитеттери менен кызматташат. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөө Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзаевге жүктөлдү.

XS
SM
MD
LG