Ссылки доступа

Бишкекте чаян чаккандар катталууда


Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда соңку эки күн аралыгында 2 адамды чаян чагып алды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

29-февралда 9 жаштагы баланы чаян чаккан, эртеси ошол эле көчөдө жашаган 35 жаштагы эркек кишини да чагып, "тез жардамга" кайрылышкан. Экөөнө тең жардам көрсөтүлүп, Бишкек шаарындагы ортопедия жана илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Чаян чаккан учурлар «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Калыс-Ордо» жана «Дордой» конуштарында катталууда.

Адистер мындай абалга кабылган кезде чаяндын уусун чыгарып, денеге муздак нерсе басып, гистаминге каршы дарыларды ичип, дарыгер чакырууну сунушташат.

XS
SM
MD
LG