Ссылки доступа

Казакстан: жоголгон чек арачынын энеси бийликти айыптоодо


Астананын Сары-Арка райондук соту төрт жылдан бери дайыны билинбей жаткан чек арачы Денис Рейдин энесинин доо-арызын кароого киришти.

Чек арачы «Аркан керген» тозотундагы кандуу окуядан бери дарексиз болууда. Анын энеси Татьяна Рей Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети, Чек ара кызматы жана Башкы прокуратурадан моралдык зыян катары 370 миллион теңге айып пул өндүрүүнү талап кылууда.

Адвокат Серик Сарсеновдун айтуусунда, Денис Рей жана башка чек арачылардын кайгылуу тагдырына мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу, жоопкерсиздик жана шалаакылык себеп болгон.

2012-жылдын 30-майында казак-кытай чек арасындагы өрттөлүп кеткен «Аркан керген» тозотунда 14 чек арачы менен токойчунун сөөктөрү табылган. Денис Рей менен дагы бир чек арачы Мейрхан Именовдун денелерин табууга мүмкүн болбой, алар азырга чейин дайынсыз деп эсептелинет. Ошол эле жылдын декабрында тозоттогу жападан жалгыз тирүү калган чек арачы Владислав Челах кармалып, кызматташтарын жапырт өлтүргөн деген күнөө менен өмүр бою абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG