Ссылки доступа

Өзбекстанда Интернеттеги коркунучтардан коргонуу боюнча окуу китеби даярдалды


Өзбекстандын мусулмандар диний башкармалыгы Ички иштер министрлигинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирге “Интернеттеги коркунучтардан коргоо” атуу окуу куралын элге тааныштырууда.

Бул эмгек 2015-жылы жылдын мыкты китеби катары таанылган.

Азыр террордук уюмдар өздөрүнүн катарларын кеңейтүү үчүн көбүнчө Интернетти пайдаланып жатканы маалым. Китепте мунун алдын алуу жана Батыштан келген уятсыздык, зордук-зомбулук, адам өлтүрүү, жалкоолук жана башка жаман сапаттар чагылдырылган оюндардын зыян экени жазылган.

Анын автору, мусулман дин башкармалыгынын башчысынын орун басары, шейх Абдулазиз Мансур окуу куралы интернетти каралоону көздөбөй турганын айтты. “Тескеринче, жаштарды интернетти акыл менен колдонууга үйрөтүүнү максат кылат. Аны туура пайдалануунун ыкмалары да камтылган. Ошондой эле керексиз маалыматты окуп алып, жашоодо оң багыттан адашып кеткендердин мисалдары келтирилген. Биз мындай кадамдардан жаштарды корууга умтулуп жатабыз”, - дейт шейх Абдулазиз Мансур.

Өзбекстанда 11 миллионго жакын адам же калктын 38 пайызы интернет колдонот.

XS
SM
MD
LG