Ссылки доступа

Тажикстанда Шахристон туннели жер титирөөдөн зыян тартты


Тажикстанда жакында болгон жер титирөөдөн Шахристон туннелинин 14 метрдей бөлүгүнө зыян келтирилди.

Транспорт министри Шерали Ганжалзода маалымдагандай, мындай кырдаал жүргүнчүлөргө коркунуч жаратпайт. Автоунаалардын тыгынына жол бербөө үчүн убактылуу желдеткич туннел иштеп жатат. Тажикстан сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан, силкинүүлөр бул сыяктуу көптөгөн абалдарды жаратат.

“Жер титирөөдөн туннелдин негизги курулушу жапа чеккен жок, азыр оңдоо иштери жүргүзүлүүдө”, - дейт министр.

Шахристон туннели 2012-жылы Кытайдан насыяга алынган акчага курулган.

XS
SM
MD
LG