Ссылки доступа

 Украина: “Лениндер” “Леннонго” айланууда


Украинанын Закарпатск облусунун жетекчиси Геннадий Москаль бүгүн, 2-мартта бир катар аймактардагы көчөлөрдүн аттарын алмаштырды.

Ал “Украинадагы коммунисттик жана улуттук-социалисттик (улутчулдук) тоталитардык режимди айыптоо жана алардын символикаларына тыюу салуу” мыйзамынын негизинде ишке ашты.

Москалдын жеке сайтында аты өзгөрүлгөн көчөлөрдүн арасында Тячев районунун Калина айылындагы Ленин көчөсү да бар экени белгиленет. Ага эми “Битлз” рок-музыкалык тобунун солисттеринин бири Жон Леннондун аты коюлат.

Мурдараак Украинанын Харьков облусунда да “Декоммунизация” мыйзамына ылайык, Ленин атындагы аянт Леннонго алмашылган. Google Maps кызматынын көчөлөр тизмесине бул көчө жаны аты менен киргизилген. Жалпысынан бул мыйзамга ылайык Украинада 900 жакын көчө, аянт, бульвар, гүл бакчалар аттарын өзгөртүшөт.

“Украин чындыгы” басылмасы эскерткендей, КПССтин аткаминерлери, Советтик Союз учурунда башкармалар жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин аттарынан же каймана аттарынан коюлган көчөлөрдүн аттары өзгөрөт.

XS
SM
MD
LG