Ссылки доступа

Казакстанда чек арачынын энесинин доо-арызы канааттандырылган жок


Астананын Сары-Арка райондук соту төрт жыл мурдагы окуядан кийин дайынсыз кеткен жоокердин энеси Татьяна Рейдин доо-арызын четке какты.

Павлодар облусунун тургуну, пенсия курагындагы Татьяна Рей баласынын өлүмү үчүн моралдык зыян катары мамлекеттен 370 миллионтеңге төлөп өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Ал баласы Денис Рейдин өлүмүнө бийлик күнөөлүү деп эсептейт. Каргашалуу окуядан кийин саламаттыгына олуттуу доо кеткенин айтууда.

Адвокат Серик Сарсеновдун билдирүүсүндө, Денис Рей жана башка чек арачылардын кайгылуу тагдырына мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу, жоопкерсиздик жана шалаакылык себеп болгон. Ал эми кылмыштын жоопкерчилиги Владислав Челахка гана жүктөлгөнү туура эмес.

2012-жылдын май айында казак-кытай чек арасындагы өрттөлүп кеткен «Аркан керген» тозотунда 14 чек арачы менен токойчунун сөөктөрү табылган. Денис Рей менен дагы бир чек арачы Мейрхан Именовдун денелерин табууга мүмкүн болбой, алардайынсызкатары эсептелинип, эки жылдан кийин каза тапты деп табылган. Ошол эле жылдын декабрында тозоттогу жападан жалгыз тирүү калган чек арачы Владислав Челах кармалып, кызматташтарын жапырт өлтүргөн деген күнөө менен өмүр бою абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG