Ссылки доступа

Москва: мигрант жарым миллион рублди ээсине кайтарды


Москвадагы «Реал гипермаркеттин» жумушчусу, тажик жараны Шерзод Насруллоев кардарга унутуп калган 520 миң рублди кайтарып берди. Акчаны тажикстандык мигрант аталган дүкөндөгү унаа токтотуучу жайлардагы азык-түлүк ташылган арабаны киргизип жатып таап алган.

Ал дүкөндүн башкармалыгына айтып, акчаны ээлерине кайтарып, алардын ыраазычылыгын алганын билдирди. Буга чейин да кардарлар унутуп кеткен 60 миң долларды башкармалыкка бергенин жана аны кымырып алуу оюна да келбегенин кошумчалады.

Шерзод Насруллоев– 27 жашта. Тажикстандын Пенжикет районундагы Варзи Канда кыштагынын тургуну. «Реал-гипермаркетте» эки жылдан бери иштеп келет.

Тажик мигранттарынын таап алган акчаны кайтарып берген учурлары биринчи жолу болуп жаткан жок. Былтыр айдоочу Равшан Файзалов Екатеринбургда жүргүнчү калтырып койгон 852 миң рублди, октябрда25 жаштагы Забехулло Шафезода жумуштан келатып таап алган капчыктыкайтарып берген.

Орусияда Тажикстандын жүз миңдеген жарандары эмгектенет. Жергиликтүү эл мигранттарга текебер мамиле жасап, бир нече жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарында аларды “ууру, зордукчул жана баңгизаттары менен алектенген адамдар” катары сүрөттөө адатка айланган.

XS
SM
MD
LG