Ссылки доступа

Савченкону 23 жылга абакка кесүү сунушталды


Орусияда камалган украин учкучу Надежда Савченко ага тагылып жаткан айып негизсиз экенин айтууда.

Кечээ сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришти.

Савченко эгер ага карата сот өкүмүн чыгаруу көпкө созула турган босо ачкачылык жарыяларын эскертти:

- Эгер өкүм жазуу эки жумадан ашып кете турган болсо мен бейшембиден тарта ачкачылык жарыялайм. Анда өкүмдү мен өлгөндөн кийин угузасыңар.

Савченко Луганскта 2014-жылы кармалган. Ал орусиялык телеканалдын журналисттеринин өлүмүнө айыпталууда. Өзү күнөөсүз экенин жана жикчилер кармап кетип, Орусияга өткөрүп беришкенин башынан айтып келет.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Дүйнө жүзүндө Савченкону коргогон акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG