Ссылки доступа

Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалы бааланат


Бириккен улуттар уюмунун сөз эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Дэвид Кей Тажикстанга барды.

Маалыматка караганда, ал бир жумалык сапары учурунда өлкөдө маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы, журналисттердин коопсуздугу кандай камсыздалып жатканын иликтейт.

Дэвид Кей тажик бийлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши үчүн баяндама даярдайт.

Анын сапары эл аралык уюмдардын Тажикстанда адам укуктарына байланышкан абал начарлап кетти деген маалыматтары менен дал келүүдө. Жакында эле эл аралык Freedom House укук коргоо уюму Тажикстанды жана Борбор Азиядагы башка мамлекеттерди “эркин эмес өлкөлөрдүн” катарына киргизген. Укук коргоочулардын билдирүүсүндө, президент Эмомали Рахмондун бийлиги оппозициялык маанайдагы “Ислам кайра жаралуу” партиясы былтыр мартта өткөн парламенттик шайлоодо бир да орун албашы үчүн болгон аракетин жасап, добуш берүүлөр ачык өткөн жок.

Ал эми Human Rights Watch жана Norwegian Helsinki Committee уюмдары да тажик бийлигинен бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG