Ссылки доступа

Орусия: кризис дагы үч жылга уланат 


Орусиянын 2019-жылга чейинки мезгил аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча божомолдор көңүл жубатпайт.

Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматында айтылат. Анда алдыдагы үч жыл аралыгында Орусияда социалдык чыгымдарды үнөмдөө саясаты уланары күтүлүп жатканы белгиленгенин «Ведомости» гезити жазып чыкты.

Мындай божомол мунайдын баасы кийинки жылдарда да арзан болору, ал эми Орусияга жарыяланган санкциялар жана ага жооп иретинде Москванын чектөөлөрү 2020-жылга чейин сакталат деген маалыматка негизделген. Орусияда пенсия 10 пайызга кыскарышы мүмкүндүгү айтылууда.

XS
SM
MD
LG