Ссылки доступа

Назарбаев: казак экономикасы Кытай менен Орусиядагы кырдаалдан жапа чегүүдө


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкө экономикасы Кытай менен Орусиядагы өсүштүн начарлашына байланыштуу кыйын абалга кептелгенин билдирди.

“Чоң коңшубуз - Орусия бизге негизги соода өнөктөш болгондуктан, ал жактагы экономикалык каатчылык жана санкциялардын эпкини Казакстанга да жетти. Соода 20-25 пайызга азайды”, - деп айтты Назарбаев 2-мартта чет элдик элчилерди кабыл алган учурда. Президент Кытайда экономикалык өсүштүн жайлаганы да экономикага таасир этип жатканына токтолду. “Азыр мунай, көгүлтүр от жана металл бааларынын арзандаганына көнүшүбүз керек. Бул оңой эмес. Жакшы жашоого эл бат үйрөнөт. Ошол эле маалда оор абалга карабай, Казакстан аркылуу Европа жана Кытайга жүк ташуулардын көлөмү быйыл 2 эсе көбөйөт”, - деген ишенимин кошумчалады Назарбаев.

Анын пикиринде, Казакстандын транзиттик аймак катары мааниси чоң.

XS
SM
MD
LG