Ссылки доступа

Маңзат менен кармалган тажик милиция кызматкери иштен айдалды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында маңзат менен кармалган жарандын тартип сакчысы экенин моюнга алды.

Муродали Иброхимов тартип бузуп, милициянын беделине доо кетирген деген айып менен ушул жылдын 9-февралында жумуштан алынган.

1-мартта жүргүзүлгөн атайын операциянын учурунда кыргыз-тажик чек арасындагы Жеңиш айылында “Опель Вектра” автоунаасы токтотулган. Машинадан 4 миллион сомдук 36 килограмм гашиш чыккан. Текшерүүдө айдоочу Тажикстандын ИИМ кызматкери экени аныкталган. Аны менен бирге Дүйшөмбү шаарынын тургуну бар. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камалды. Тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG