Ссылки доступа

Amnesty International Казакстан түрмөлөрүндөгү кыйноолорду сындады


Адам укуктары менен алектенген эл аралык Amnesty International уюму Казакстан өкмөтүн абактарда кыйноо колдонуп жаткан тартип сакчыларынын үстүнөн түшүп жаткан арыздарды тиешелүү түрдө тергебей жатат деп сындады.

Кечээ жарыяланган баяндамада айтылгандай, уюмга Казакстандын түрмөлөрүндөгү кыйноолорго байланыштуу жыл сайын жүздөгөн даттануулар келет.

Аталган уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы программасынын директору Жон Далхуисен «мамлекеттин кыйноолорду иликтеп, айыптууларды жазалоого жөндөмсүздүгүнөн курмандыктар эч кимге ишеним арта албай турганын» айтты. Ошондой эле кыйноолорго кабылгандар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө, анча чоң эмес топтон турган укук коргоо уюмдарына жана адвокаттарга гана таянууга аргасыз экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG