Ссылки доступа

Орусия: АКШнын санкциялык саясатынын келечеги жок


АКШнын Орусияга карата санкциялык саясатынын келечеги жок жана ал эки өлкөнүн орчундуу эл аралык маселелер боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук жаратууда.

Орус Тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү ушундай мазмунда билдирүү таратты.

Ага чейин Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Украинадагы абалга байланыштуу Орусияга карата киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узарткан болчу.

Муну Ак үй Орусиянын Украина боюнча саясаты бул өлкөнүн тынчтыгы, коопсуздугу, эгемендиги жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаратып жатканы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG