Ссылки доступа

Кытай Казакстанга соттолгон төрт адамды өткөрүп берди


Алар Кытайда баңги аткезчилиги жана адам өлтүргөн деген айып менен ар кандай мөөнөттө соттолгон.

Аты-жөнү айтылбаган төрт жаран бүгүн Үрүмчү шаарынан Казакстанга жиберилди. Мындай чечим соттолгондордун арыздарынан кийин кабыл алынган.

Казакстан Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, мекенине кайтарылган жарандардын арасында студент Акжаркын Турлыбай жок. 22 жаштагы кыз 2014-жылы мартта Кытайда кармалган. Ошол эле жылдын июнунда маңзатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин камакка алынган.

Кытай жана Казакстандын соттолгон жарандарды алмашуу келишими 2011-жылдын 22-февралда кабыл алынып, аны Астана 2013-жылы, Кытай былтыр июлда ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG