Ссылки доступа

АКШ: Савченко бошотулууга тийиш 


Вашингтон Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотууга Москваны чакырууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби билдирди.

«Биз мурдагыдай эле Савченко абактан чыгарылсын деген позициядабыз. Аны себепсиз кармашкан. Мындан улам бошотулуп, мекенине жиберилүүгө тийиш», – деди Кирби.

Орусиянын Ростов облусунун Донецк шаардык сотту 3-марттагы жараянда Надежда Савченкого акыркы сөз берилип, өкүм качан чыгары белгилүү болушу күтүлүп жаткан. Бирок сот сөз бербей, ишти 9-мартка жылдырып койгонуна нааразы болгон Савченко кечээтен тарта кургак ачкачылык жарыялады.

Мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга эркинен ажыратууну сунуштады. Бейшембинин кечинде Савченконун жакындары сотто айтылбай калган анын акыркы сөзүнүн текстин жарыялашты. Анда учкуч өзүнө тагылган айыпты да, өкүмдү да, орус сотун да тааныбай турганын, эгер күнөөлүү деп табылса, апелляцияга кайрылуу максаты жоктугун айткан.

Отуз төрт жаштагы Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Украина чыгышындагы Луганск облусунда кармалган. Ошондон бери ал эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда тергөө абагында отурат. Савченко күнөөсүз экенин жана орусиячыл жикчилер тарабынан кармалганын, кийин алар аны Орусияга өткөрүп беришкенин башынан бери айтып келет.

XS
SM
MD
LG