Ссылки доступа

Жо Байден Жакынкы Чыгышка барат


АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Жакынкы Чыгышка бүгүн баштала турган сапары Иран менен Сириядагы кырдаалды талкуулоого жана экономикалык, энергетикалык кызматташтык жаатында сүйлөшүүгө багытталган.

Ак үйдөн маалымдашкандай, Байден алгач Бириккен Араб Эмирлигине барып, Израиль жана Иорданияны кыдырат. Анын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушуусу мерчемделген.

Күн тартибинде израил-палестин чатагын чечүү боюнча олуттуу демилгелер көтөрүлбөй турганы кабарланды. Расмий Вашингтон чатакташкан тараптардын бири дагы тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн саясий эркти көрсөтөрүнө ишеним жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG