Ссылки доступа

Казакстан: «Жас Алаш» гезити боюнча өкүм күчүндө калды


Алмата шаардык соту «Жас Алаш» гезитине байланышкан ишти карап, мурдагы инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Аталган гезиттин жамааты «Жас-Ай» тибет медицина борборунун жетекчиси Жасан Зекейулынын доо-арызын канааттандырган сот чечимине макул эместигин билдиришип, андан жогорку инстанцияга кайрылышкан болчу. Сот басылманын башкы редактору Рысбек Сарсенбайулы, дагы бир журналист, окурман жана Зекейулынын мурдагы туугандары ага моралдык зыян катары 40 миллион теңге төлөп берүүгө тийиш деген чечим чыгарган. Зекейулы “Жас Алаш” гезитинде жарыяланган макаладан олуттуу зыян тартканын айтып, сотко доо-арыз жазган.

Соттун мурунку өкүмдү күчүндө калтырган акыркы чечиминен кийин Жасан Зекейулы ага канааттанганын, өндүрүлгөн акча кайрымдуулук иштерине сарптала турганын билдирди.

«Жас Алаштын» жетекчиси Рысбек Сарсенбайулы болсо кийинки инстанцияга арыз жолдоону көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG