Ссылки доступа

УКМКнын башкы имаратындагы өрттөн 8 адам жабыркады


Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратында кечээ кечинде өрт чыкты.

Айрым маалымат каражаттары УКМКнын тергөө абагында жардыруу болуп, өрт ошондон чыкканын жазып жиберишкен. Бирок УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов жардыруу болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бирокөрт болгонун ырастап, имараттын бир бөлмөсүндөгү электр зымдарынан чыкканын билдирди. Маалымат катчынын айтымында, тез арада жетип келген өрт өчүргүчтөр кооптуу жагдайды жайгарды.

Тез жардам кызматы бирок бул кырсыктан сегиз адам жабыркаганын, экөөнүн абалы оор экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG