"Интерфакс" агенттигинин кабарлоосуна караганда, бул сурамжылоодо өлкөнү аял президент башкаруусун каалагандардын 44 % аялдар, 21 % эркектер түзгөн. Бирок респонденттердин тең жарымдайы өлкөнү аял башкаруусун жактырбайт.
Жалпысынан алганда, аялдардын саясатка аралашуусун орусиялыктардын үчтөн бири колдосо, үчтөн экиси аялдар мамлекеттик жогорку кызматтарда эркектер менен бирдей болушу керек деп эсептейт.