Ссылки доступа

Москва: наристени мыкаачылык менен өлтүргөн аялга айып тагылды


Москвада жаш баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн жеринен кармалган Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокуловага расмий айып тагылды.

Ага жаш баланы өлтүргөн деген айып тагылганын кечээ Орусиянын Тергөө комитетинен кабарлашты. Мекеме айыпталуучуну комплекстүү экспертизадан өткөрүү дайындалганын, анын алкагында психикалык абалы да аныкталарын кошумчалайт.

Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган.

Москванын Пресненск райондук соту мыкаачылык менен жасалган кылмышка шектелип кармалган Бобокулованы 2-мартта эки айга камакка алды. Сот залында жылмайган абалда, айланасындагыларга кол булгалап отурушу анын психикалык саламаттыгы менен байланыштуу экени айтылууда. Тергөө учурунда ал күнөөсүн моюнга алды.

XS
SM
MD
LG