Ссылки доступа

Тажикстанда заманбап медицина борбору ачылды


Дүйшөмбүдө 4-марттан тарта «Истиклол» аттуу ири медицина борбору иштей баштады.

Анын расмий ачылышында сөз сүйлөгөн президент Эмомали Рахмон дарыгерлерди мээримдүү, жөнөкөй болууга жана өз жумушун чын жүрөктөн аткарууга чакырды.

Борбордун фасадында президенттин чоң сүрөтү тартылып, анын “дарыгер ката кетирүүгө акысы жок!” деген сөздөрү жазылган.

Көп тармактуу поликлиника жана 650 орундук оорукананадан турган борборду ишке киргизүүгө 11 миллион доллар сарпталган. Анда 3,5 миң дарыгер, медайым жана башка кызматкерлер эмгектенмекчи.

Жаңы борбордо Орусия, Кытай, АКШ, Жапония, Германия, Финляндия жана Чехиядан алып келинген 620 заманбап медициналык жабдуулар орнотулган.

Алгач борбордун атын «Пойтахт-90» деп атоо демилгеси көтөрүлүп, бирок президенттин чечими менен «Истиклол» деген ат ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG